Оштун борбордук аянтында унаа менен жарышкан эки жаран кармалды
Ошто, борбордук аянтта унааны чимирилте катуу айдап, качкандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 20-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында автомашиналарын чимирилте айлантып айдашып, «өнөрлөрүн» көрсөтүшүп анан качып жөнөшкөн эки айдоочу алыс барышкан жок. Эки айдоочу кармалып, автомашиналары айып короосуна киргизилди. Үчүнчү «Шумахер» изделип жатат. Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин «Автоээнбаштык» беренеси менен иликтөө иштери башталды.
Борбордук аянт көйрөңдүктү, көпкөндүктү көрсөтүүчү полигон эмес. Ата-бабаларыбыздын маңдай тери менен курулган шаарыбыздын көрктүү жайларынын бири. Өзүн, шаарын урматтаган адам мындай ишке барбайт.
Ссылка: https://barometr.kg/oshtun-borborduk-ayantynda-unaa-menen-zharyshkan-eki-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×