Оштогу ооруканадан коронавируска чалдыккан аял 3-кабаттан секирип кетти

2 июль 2020 11:06 1223 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык ооруканасынан коронавируска чалдыккан аял 3-кабаттан секирип кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Кечээ, Ош шаардык ооруканасынан (эски имараты) 29-июндан бери коронавирус менен каттуу ооруп, дарыланып жаткан 1986-жылы туулган аял, аталган оорукананын 3-кабатынан секирип кетти. Ал алган оор жаратынан улам окуя болгон жерде каза болду.Учурда укук коргоо жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайы иликтеп жатат.

Маркум 1986-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-oorukanadan-koronaviruska-chaldykkan-ayal-3-kabattan-sekirip-ketti



Добавить комментарий