Оштогу Кара-Таш айылындагы сарайга кар көчкү түшүп, 4 уй, 2 музоо, 1 тайды басып калды

20 декабрь 2018 13:10 1416 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тамчы тилкесине жана Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жайгашкан сарайга кар көчкү түшүп 4 уй, 2 музоо, 1 тайды басып калды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. 

Маалыматта айтылгандай, бүгүн 20-декабрда саат 09:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-86-чакырым аралыгында ар жерден кар көчкү түшкөн, жалпы көлөмү болжол менен 45000м3. Алдын ала маалымат боюнча жабыркаган адамдар жок. 

Жерине кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүү максатында Ош облусунун башкармалыгынан ыкчам топ жана саат 10:50дө Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 30 куткаруучу жерине чыгып кетишти. Учурда 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч жол тазалоо иш-чараларын жүргүзүүдө. 

Аталган унаа жол учурда убактылуу жабык. Тазалоо иштери жүрүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-kara-tash-ajylyndagy-sarajga-kar-kchk-tshp-4-uj-2-muzoo-1-tajdy-basyp-kaldy



Добавить комментарий