Оштогу эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын 48 пайыз иши аяктады

22 сентябрь 2020 17:08 429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын даярдыгы 48 % ды түзѳт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” каржылоосу менен 2020-жылдын 25 июлда башталган. Учурда, подраяддык уюмдун тарабынан оорукананын эски имаратынын бузуу иштери, жаңы имараттын пайдубалын орнотуу, полдорго бетон куюу, темир конструктивдик фермалар жана  устундар орнотулду. Ошондой эле, ички жылытуу системасы, суу менен камсыздоо тармагы, канализация иштери бүткөрүлдү.  Андан сырткары ички тосмолорду орнотуу, чатырын жабуу, терезелер орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш даярдыгы 48% түзөт”, -деп айтылат маалыматта.

Фонд тарабынан 50 млн сом каржыланды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-eksperimenttik-tez-kuruluuchu-zhugushtuu-oorular-oorukanasynyn-48-pajyz-ishi-ayaktady



Добавить комментарий