Ошто жаңы салынып жаткан үйлөрдүн электр чубалгыларын уурдаган жигит кармалды

13 июль 2022 13:15 963 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарындагы жаңы салынып жаткан  үйлөрдөн электр чубалгыларын уурдаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына июнь айында шаар тургунунан арыз келип түшкөн. 

"Ал арызда, жаңы салып жаткан үйүнүн электр чубалгыларын (Кабель) белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирген.

Мындан башка дагы жаңы салынып жаткан үйлөрдүн электр чубалгыларын уурдагандыгы боюнча шаардык милицияга төрт арыз катталган.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бул кылмышка тиешеси бар деген шек менен Ош шаарынын 1998-жылы туулган А.уулу Г. кармалып, тергөөгө камсыздалган.

Учурда шектүүнүн үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zhay-salynyp-zhatkan-jlrdn-elektr-chubalgylaryn-uurdagan-zhigit-karmaldy



Добавить комментарий