Ошто жаш жигитти айосуз сабап кеткен ээнбаштар кармалды (видео)

11 сентябрь 2020 17:46 1954 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарынын Улуттук драма театрынын имаратынын жанынан 24 жаштагы жигитти айосуз сабап кетишти. Бул тууралуу  Фейсбук социалдык тармагынын Тима Умаров аттуу колдонуучусунун маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

11-сентябрда социалдык тармактын колдонуучусу Тима Умаров социалдык тармактагы баракчасына анын досун топтошкон балдар сабап кетишкенин жазып чыкты.

“Нургазыны 5-6 жигит сабап, андан соң унаага күч менен салып кеткен. Южный каналынын аймагына алып барып, аны өлтүрүп каналга салып жиберебиз деп коркутуп, жылаңачтап бут кийимдерин да чечип кетишкен”, - деди ал.

Умаров 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү болгон жаңжалдын күбөлөрүн издеп жатат.

Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул кылмышка шектүү адамдардын бардыгынын өздүгү аныкталгандыгын билдирди. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду.  

“Жабырлануучу 1996-жылы туулган Б.Н. Окуя Ленин көчөсүндө болгон. Сабоо боюнча маалымат нөөмөт бөлүмүнө 10-сентябрда саат 17:25 чамасында келип түшкөн.  Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 266 ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш башталды”, - деди Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жигитти чогуу окуган студенттер ур-токмокко алышканы аныкталды. 6 адам камакка алынды. Алар Чоң-Алай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү тургундары экени маалым болду.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zhash-zhigitti-ajosuz-sabap-ketken-eenbash-erguldar-karmaldy-video



Добавить комментарий