Ошто өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды

18 июль 2023 10:53 436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 17-июль күнү А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял киши куткарылды.

Маалыматка ылайык, аталган даректе 1973-ж.т. Т.М. аттуу аял киши бөлмөнүн ичинде кулпуланып алып өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. 

“Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачканда жогору аталган аял уктап жатканын аныкталып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-z-zhanyn-kyyuuga-araket-kylgan-ayal-kutkaryldy



Добавить комментарий