Ошто тойго баратып, пистолет менен видеого түшкөн жаран кармалды (Сүрөт)
Буга чейин соц тармакта унаадан белине чейин чыгып алып, пистолет кармап видеого тушкөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, Фейсбук колдонуучу тарабынан жүктөлгөн видеодо бир жаш жигиттин автомашинанын терезесинен белине чейин чыгарып, тапанчанын дүрмөтсүз курогун басып, кыйкырып бара жатканын көрүүгө болот. Бул видеону иликтеп жатып, ал баланын өздүгүн аныкташты жана күндүн экинчи жарымында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып келинди. Ал 2000- жылы туулган М. М. болуп чыкты. Окуя 12-сентябрда болгон. Бул жигиттер Ноокат районуна тойго бара жатканда Ош шаарына караштуу Жапалак айылынан чыга бериште видеотасмага түшүп калган. Тапанча пневматикалык болуп чыкты. Учурда бул жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан каралып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-tojgo-baratyp-pistolet-menen-videogo-tshkn-zharan-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×