Ошто дагы бир кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, шериктери изделүүдө

24 октябрь 2023 15:12 1189 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто дагы бир  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 14-октябрь күнү Кара-Кулжа РИИБге аталган райондун тургуну арыз менен кайрылган. 

“Анда ушул жылдын   май айында З.К., аттуу жаран анын мал жандыктарын алып, азыркы күнчө чейин  акчасын бербей, изин жашырып качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн  ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган,  буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган, 1980-жылы туулган З.К. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.

Андан сырткары, кармалган жаран бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча да шектүү экендигин белгилеп кетебиз.

Учурда шектүү адамдын бирге кылмыш жасаган өнөктөштөрүн жана башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-dagy-bir-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmalyp-sherikteri-izdeld



Добавить комментарий