Ошто террористик топко катышы барлар кармалып, мылтык жана граната табылды (Сүрөт)

30 июнь 2020 14:26 891 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облустук ИИБдин кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдар жана жардыруучу заттар алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

2020-жылдын 26-июнь күнү Ош облустук ИИБнин Мыйзамсыз миграцияга жана экстремизимге каршы аракеттенүүчү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө ок атуучу курал ок дарылары менен жана  граната (жардыруучу зат) алынды.

1)      ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир даана сайлуу мылтык

2)      РГД-5 үлгүсүндөгү граната

3)      7,62 мм калибирдеги 31 даана патрон

Алынган куралдар жана патрондор

-        2014 жылы  куралдуу салгылашууга  катышуу үчүн Сирия мамлекетине чыгып кетип, ошол жакта каза болгон 1985 ж.т. Р.Ого

-        2014-жылы куралдуу салгылашууга катышуу үчүн Сирия мамлекетине чыгып кеткен 1989 ж.т. Р.Фга

-        2018-жылдан бери Россия Федерациясында жүргөн 1978 ж.т. Р.А. га таандык болгон.

Тартылып алынган жогорудагы куралдар Ош шаарынын Амир Темир кичи районунун тургуну, жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын бир тууганы 1983 ж.т. Р.М (аял киши)дин үйүнөн табылган. Ага карата 2017-жылы КРнын ЖКнин 299-бер.(Улуттук-этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) негизинде  кылмыш иши козголгон. Анын  колундагы баласы эрезеге жете электигине байланыштуу соттун өкүмү 2029-жылы күчүнө кирет.

Ошондой эле 2020-жылдын 2-майында Ноокат РИИБнин Мыйзамсыз миграция жана экстремизимге каршы аракеттенүүчү кызматынын кызматкерлери  Ноокат районунун аймагында жүргүзгөн ыкчам-тергөө амалдарынын негизинде Катта-Тал айылынын тургуну 29 жаштагы Т.Б. террористик топко катышы бар деп шектелип, Ноокат РИИБнин КЖБР катталган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында анын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 1 даана үн жазылган жабдык , 54 даана китеп, 4 даана СД-диск, 3 даана аудиокасета табылган.

Анын уюулдук телефонун текшергенде телефонундагы кат куржунга  курамында террористик чакырыктар бар  аудио көчүрмөлөрдү социалдык булактар аркылуу тараткандыгы аныкталып, ал КРнын ЖКнин 315-бер.(Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) шектелип, Ноокат РИИБнин УКЖга киргизилген.

2020-жылдын 17-июнунда Ноокат райондук сотунун чечими менен шектүү бир жылга пробациялык көзөмөлгө алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Т.Б.нын бир тууган иниси Катта-Тал айылынын жашоочусу 23-жаштагы Т.М. акча табуу максатында 2016-жылдын май айында Египетке кеткендиги, жана 2017-жылдын июнь айында Сириядагы террористик топко кошулгандыгы маалым болгон.

Ыкчам маалыматтардын негизинде Т.М.ге тийиштүү топтолгон материалдар Ош облустук ИИБнин КЖБРне катталган.Т.Б. Сириядагы террористик топтордун  катарында согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн ага карата кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-terroristik-topko-katyshy-barlar-karmalyp-myltyk-zhana-granata-tabyldy-srt



Добавить комментарий