Ошто сууга түшүүдө элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Наристелер сууга акпасын!

22 июль 2018 01:30 1126 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok


Ош шаарында сууга түшүү сезону башталгандан баштап, жаш балдардын кароосуз калып, сууга агып кеткен фактылары көп катталууда. Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин буйругу менен башкармалыктын кызматкерлеринен түзүлгөн үч топ шаар аймагында элге сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Бул туурасында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Кырсыктардан жаратканым сактасын,

Наристелер тилектерди актасын.

Ата-энелер балдарына сак болуп,

Жансыз дене сууда такыр акпасын!



Ссылка: https://barometr.kg/oshto-suuga-tshd-elge-tshundr-ishteri-zhrgzld-naristeler-suuga-akpasyn



Добавить комментарий