Ошто өспүрүм 18 жаштагы жигитти атып салды

21 июнь 2021 16:00 2224 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Өзгөн районунда 18-июнда 18 жаштагы Ж.уулу А. ок атуудан улам каза болгон. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Окуя Досмат-Ата айымагында болгон. Жарадар болгон экинчи тарап 18-июнь күнү саат 15.40та келип түшкөн.  Айрым маалыматтарга караганда, маркум менен шектүү чөп чабууда жолуккан.  Жаштардын ортосунда пикир келишпестик болуп, бири экинчисине ок чыгарган. 17 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча катталган", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда соттук-медициналык жана баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-sprm-18-zhashtagy-zhigitti-atyp-saldy



Добавить комментарий