Ошто эки килограмдан ашык "героин" менен мурда соттолгон эки киши кармалды

13 ноябрь 2020 11:47 817 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында ири өлчөмдө баңгизатын сатып өткөрүү менен алектенген жарандар кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам кызматкерлери  ири өлчөмдөгү баңгизатын сатып өткөрүү менен алектенгендерди аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү аякташты. 

Жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында  ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын Кулатов кичи районунан 1972-жылы туулган  Р.У. аттуу жаран кармалып, анын автоунаасына  кароо жүргүзүү учурунда салмагы 935 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты табылып алынган. 

Ыкчам-иликтөө мүнөзүндөгү мындан аркы иштердин жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизатты сатып алуучунун өздүгүн тактап, аны кармоого мүмкүн болгон. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде 1972-жылы туулган М.у.Б. аттуу жарандын жашаган жерине тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

ОШ облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринде кызматтык иттерди пайдалануу менен жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө короосунан 2 килограмм 019 грамм “героин”, 3 килограмм 972 грамм “гашиш”, 16 грамм “марихуана” баңгизаттары табылып алынган.

Жаран М.у.Б. бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Баңгизат сатуучуларды аныктоо боюнча атайын операцияны МАмлекеттик чек ара кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын түштүктөгү башкармалыгынын  кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылып алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 6 килограмм 942 граммды түздү.  

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-salmagy-6-kilogramm-942-gramm-bagizaty-menen-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий