Ошто психотроптук дарыларды рецептсиз саткан дарыкана кызматкерлери кармалды

22 февраль 2023 10:41 1718 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында мыйзамсыз дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар  аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ош шаарында рецептсиз сатык жүргүзгөн үч дарыкана  аныкталган.

“Алардын кызматкерлери калк арасында таасири күчтүү дары-дармектерди рецептсиз сатышкан.

Бардык үч факты тең Ош шаарынын ИИБдин маалыматтык электрондук журналына  катталган.

Мындан тышкары, борбордук базардын аймагында жайгашкан дарыкана бул дары-дармектерди сатууга лицензиясы жок экендиги аныкталган. Дары-дармектер  жеке пайда алуу максатында коңшу дарыканадан сатып алышкан.

Дарыкана кызматкерлери 1991-жылы туулган А.А.  жана 1987-жылы туулган К. М. кармалган жана тергөө кызматына жеткирилген.

Бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 флакон дары-дармек каражаттары алынган.

Эске салсак, буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын демилгеси менен фармацевтикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда калк арасында таасири күчтүү заттарды камтыган дары-дармектерди рецептсиз сатууга жол бербөө боюнча кеңешме өткөрүлгөн.

Дарыгердин көрсөтмөсү жок ар кандай дары-дармектерди колдонуу ден-соолукка олуттуу зыян келтирет!”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-psihotroptuk-zatty-kamtygan-darylardy-recepsiz-satkan-darykana-kyzmatkerleri-karmaldy



Добавить комментарий