Ошто ооруканадагы дарыгерлерге коронавирус жукту. Аны текшерүү үчүн адистер жөнөп кетти

9 апрель 2020 12:45 1823 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусундагы медкызматкерлердин топ-тобу менен ооруну жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Медкызматкердин вирусту жуктуруунун ар бир учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилет.

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер жана медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

“Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Ал эми 9-апрелге карата Кыргызстан боюнча 280 киши коронавирус жуктурган.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-oorukanada-darygerlerdin-bardygyna-koronavirus-zhuktu-any-teksher-chn-adister-zhnp-ketti



Добавить комментарий