Ошто окуучу класска атыр чачып, 43 бала ууланып ооруканага түштү

30 март 2023 16:12 772 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунда атырга ууланган окуучулардын абалы тууралуу маалымдалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын администрациясынын маалыматы боюнча, 29-мартта саат 16:00 чамасында, Кара-Суу районунун Шарк айыл башкармалыгына караштуу Момбеков атындагы №101   орто мектептин окуучулары медициналык тез жардам кызматы аркылуу массалык түрдө келип түшкөн.  

Алдын ала коюлган диагноз боюнча: аларда белгисиз заттан уулануу болгон.

Бардыгы болуп 43 бала кайрылган, алардын 18и ооруканага жаткырылган.

Бардык балдар (2009-2011 – ж.т.) реаниматолог, травматолог, невропатолог, окулист, кардиолог, аллерголог, педиатр адистери тарабынан кароодон өткөрүлгөн. Балдардын абалы дарыгерлер тарабынан канааттандырарлык деп бааланууда.

30-март саат 09: 30га карата абал боюнча дарыгерлердин консилиумунун жыйынтыгы менен стационардык дарылануудагы 18 баланын 13ү канааттандырарлык абалда жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин кароосуна чыгарылат. Калган 5 бала андан ары байкоо жүргүзүү үчүн травматология бөлүмүнө которулат. Азыркы тапта алардын абалы туруктуу.

Маалым болгондой, аталган мектептин 6-классынын окуучусу атырды класска чачып жибергенден балдар ууланышкан. 




Ссылка: https://barometr.kg/oshto-okuuchu-klasska-atyr-chachyp-43-bala-uulanyp-oorukanaga-tsht



Добавить комментарий