Ошто окуучу класска атыр чачып, 43 бала ууланып ооруканага түштү
Ош облусунда атырга ууланган окуучулардын абалы тууралуу маалымдалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын администрациясынын маалыматы боюнча, 29-мартта саат 16:00 чамасында, Кара-Суу районунун Шарк айыл башкармалыгына караштуу Момбеков атындагы №101 орто мектептин окуучулары медициналык тез жардам кызматы аркылуу массалык түрдө келип түшкөн.
Алдын ала коюлган диагноз боюнча: аларда белгисиз заттан уулануу болгон.
Бардыгы болуп 43 бала кайрылган, алардын 18и ооруканага жаткырылган.
Бардык балдар (2009-2011 – ж.т.) реаниматолог, травматолог, невропатолог, окулист, кардиолог, аллерголог, педиатр адистери тарабынан кароодон өткөрүлгөн. Балдардын абалы дарыгерлер тарабынан канааттандырарлык деп бааланууда.
30-март саат 09: 30га карата абал боюнча дарыгерлердин консилиумунун жыйынтыгы менен стационардык дарылануудагы 18 баланын 13ү канааттандырарлык абалда жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин кароосуна чыгарылат. Калган 5 бала андан ары байкоо жүргүзүү үчүн травматология бөлүмүнө которулат. Азыркы тапта алардын абалы туруктуу.
Маалым болгондой, аталган мектептин 6-классынын окуучусу атырды класска чачып жибергенден балдар ууланышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-okuuchu-klasska-atyr-chachyp-43-bala-uulanyp-oorukanaga-tsht
Добавить комментарий ×