Ошто кооптуу аймактарда жашаган калкка көчмө сабактар уюштурулду

27 февраль 2020 11:17 404 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 17-февралынан 26-февралына чейин Ош шаарынын коркунучу бар аймактарында жашаган калкка көчмө сабактар уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат бөлүмү билдирди.  

Ош шаарынын кооптуу аймактарда (жардын урап кетүүсү, селдин ташкындоосу, жана жер көчкү болуп кетүү коркунучу бар аймактарда) жашаган тургундарына өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана келип чыккан кырсык учурунда аракеттерине, өзүн өзү алып жүрүү коопсуздук эрежелерин үйрөтүү боюнча окуулар жеринде өткөрүлдү.  

Ош шаарынын №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгында (мындан кийин МАБ) план боюнча 100 адам, бирок 84 адам окутулду, №2 “Сулайман-Тоо” МАБда 578 адам, №3 “Керме-Тоо” МАБда 134 адам, №4 “Манас-Ата” МАБда 297 адам, №5 “Амир-Темир” МАБда 522 адам, №6 “Курманжан-Датка” МАБда 234 адам жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Орке, Озгур жана Төлөйкөн айылдарында 374 адам окутулду.  

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-korkunuchu-bar-ajmaktarynda-zhashagan-kalkka-kchm-sabaktary-uyushturuldu



Добавить комментарий