Ошто жер титиреди

6 июль 2020 10:05 939 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, кечээ 5-июль саат 18:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kch-35-ball-bolgon-zher-titir-bolup-tt



Добавить комментарий