Кара-Кулжа жана Араван районун сел каптады (Сүрөт)

1 август 2020 10:35 960 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Кулжа жана Араван райондорун сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.  

Кечээ, 31-июлда саат 19:30 чамасында Кара-Кулжа районунда жааган жамгырдын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунун 115-чыкырымында сел жүрүп, унаа жолду кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

"Тартылган күч жана каражаттар: №26 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, саат 21:30да унаа жол бир тараптуу тазаланып ачылган. Аталган унаа жол ЖТИнин балансында. Бүгүн 1-августта толук тазалоо иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Араван районунда кечээ, 31-июлда саат 19:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Папан-Кичи-Алай унаа жолунун 82-89-чыкырым аралыктарында сел жүрүп, унаа жолду кум шагылга толтурган, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.  1 жүктөгүч тартылып, унаа жол бир тараптуу тазаланып ачылган. 

Бүгүн, 1-августта толук тазалоо иштери жүргүзүлөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-katuu-zhaagan-zhamgyrdyn-kesepetinen-unaa-zholdu-sel-kaptady



Добавить комментарий