Ошто эрежесиз эр-уруштун мушкерлери тапанча менен атышты

23 сентябрь 2019 16:14 1326 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Кара-Суу районунда ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу тапанчадан атылган октон жаракат алып ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу райондук милициядан кабарлады. Ок мушкердин санына тийип, сан сөөгү жабыркаган.

Райондук милиция билдиргендей, окуянын дагы катышуучусу Кылыкчбек Саркарбаев экенин божомолдойт.

Окуя кечээ Кара-Суу районунун Фуркат айылында спорттук залда болгону айтылат.

Төлөгөн Рахманберди уулу ММА аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону болуп саналат. Ал эми Кылычбек Саркарбаев эрежесиз эр уруш боюнча мушкер, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Саркарбаев учурда Ош шаардык спорт комитетин жетектейт.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-erezhesiz-er-urushtun-mushkerleri-tapancha-menen-atyshty



Добавить комментарий