44 жаштагы жаран 5 жана 6 жаштагы кыздарга унаасында ыплас аракеттерди жасаганга шектелип кармалды

6 апрель 2023 12:19 720 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран 5 жана 6 жаштагы кыздарга автоунаасында  ыплас аракеттерди жасаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 3-апрель күнү Кара-Суу шаарынын тургуну 2017-жылы туулган А.А. аттуу кызды үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап автоунаасына алып келгендигин билдирген.

“Аталган факт Кара-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналга катталып, териштирүү иштери башталган.

Алгачы текшерүүнүн жүрүшүндө 2023-жылдын 29-март күнү Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран 5 жана 6 жаштагы кыздарга автоунаасында  ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын КЖКнин 158-берененин негизинде (Ыплас аракеттер) кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 4-апрель күнү кылмышка шектүү катары  жаран Ш.Б.  Кара-Суу РИИБдин УКЖга киргизилген”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-44-zhashtagy-zharan-5-zhana-6-zhashtagy-kyzdarga-avtounaasynda-yplas-araketterdi-zhasaganga-shekt-karmaldy



Добавить комментарий