Ошто үйдүн короосунан Өзбекстанга кетчү 200 метрлик тоннель табылды

10 февраль 2023 14:41 1127 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто чек арага жакын айылдагы үйлөрдүн короосунан Өзбекстанга кетчү жер астындагы жашыруун тоннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.


Маалым болгондой, УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары менен УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандан Өзбекстанга кетчү жер астындагы тоннелди табышты. 

“Тоннель мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан үйдүн чарбалык бөлмөсүнөн табылган. Түштүк Фергана каналынын астынан өтүп, Өзбекстандын аймагындагы айылдан чыгат. Тоннелдин бийиктиги 1,5 метрге чейин, туурасы 80 смге чейин, тепкич менен жабдылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, узундугу 200 метрге чейин жетет.     

Бул факты боюнча Чек ара кызматы жана УКМК тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта.     

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-chek-araga-zhakyn-ajyldagy-jdn-koroosunan-hbekstanga-ketch-200-metrlik-tonnel-tabyldy



Добавить комментарий