Ошто барак тибиндеги салынган үй өрттөнүп кетти

9 октябрь 2018 09:45 1101 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ошто барак тибиндеги салынган үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

2018-жылдын 9-октябрь күнү 05:40 чамасында Ош шаарынын Алымбеков көчөсү №5 дарегинде жайгашкан турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу ӨКМга маалымат келип түшкөн. 

Өрттү өчүрүүгө саат 05:40та  Ош шаардык куткаруучулары барып, толугу менен бүгүн эртең мененки саат  08:05те өчүрүлгөн. 

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча кырсыктан каза болгондор же жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-barak-tibindegi-salyngan-j-rttnp-ketti



Добавить комментарий