ЖЭБден чыккан өрттү 6 бөлүм эки саатан ашык убакытта өчүргөн

2 февраль 2024 09:51 2536 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ЖЭБдеги кырсыкты 6 өрт өчүрүүчү бөлүм өчүргөн. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бишкек шаарынын Свердлов районунун  алдын ала маалымат боюнча, Шабдан Баатыр №108 дарегинде жайгашкан ЖЭБнин (ТЭЦтин) аймагында кырсык болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

“Жерине саат 03:06да жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган.

Саат 3:15ке карата 4 бөлүм артка кайтарылган. Жеринде 2 бөлүм жана штаб иш алып барган.

Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Жеринде  Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-мойор Б.Ажикеев координациялык иш-чараларын жүргүзүүдө.  

Кырсыктын кесепетинен ТЭЦтин 3 кызматкери жабыркап тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткизилген.

Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп, иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет”, -деп жазылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhebden-chykkan-rtt-6-blm-eki-saatan-ashyk-ubakytta-chrgn



Добавить комментарий