Ошто баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды (сүрөт)

4 ноябрь 2020 14:59 684 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды сатууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Жүргүзүлгөн атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жана тинтүү амалдарынын натыйжасында, Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде боз күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар 1 килограмм 139 граммды түзгөн зат табылып алынган. 

Экспертизанын корутундусуна ылайык,  алынган зат “героин” баңгизаты болуп аныкталган.Тергөө кызматы тарабынан КРын Жазык кодексинин  267-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголду. Шектүүгө карата камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулду.  

Көмүскө базарда табылып алынган баңгизаттын баасы 1 139 000 сомду түзүп, болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-bagizat-satuuga-shektelgen-zharan-karmaldy-srt



Добавить комментарий