Ошто баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды (сүрөт)
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды сатууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жүргүзүлгөн атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жана тинтүү амалдарынын натыйжасында, Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде боз күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар 1 килограмм 139 граммды түзгөн зат табылып алынган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “героин” баңгизаты болуп аныкталган.Тергөө кызматы тарабынан КРын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголду. Шектүүгө карата камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулду.
Көмүскө базарда табылып алынган баңгизаттын баасы 1 139 000 сомду түзүп, болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-bagizat-satuuga-shektelgen-zharan-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×