Ошто Ак-Суу суусуна түшүп кеткен "Лексустун" ичиндегилер аман калышты
Бөлүшүү:
14-октябрда Кадамжайда айдоочу рулду башкара албай “Лексус РХ-300” үлгүсүндөгү унаа Ак-Суу суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, окуя 14-октябрь күнү саат 22:26да Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында болгон. Унаанын ичинде 2 эркек адам болгон, алар эч кандай жаракат алган эмес. Жерине куткаруучулар барып, ичиндеги эки адамды суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда алардын абалдары жакшы деп билдирет ӨКМ.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ak-suu-suusuna-tshp-ketken-leksustun-ichindegiler-aman-kalyshty
Добавить комментарий ×