Ошто 50 миң сом акча алып жаткан жеринен жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды
Ошто жер маселелери боюнча адис жана жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалышты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө М.К аттуу жаран Ноокат районунун
“Он-Эки-Бел” айылынын жер маселелери боюнча адистери жер участогун бергени үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатты опузалап талап кылып жаткандыгын айтып, арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинде (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-беренесинде (алдамчылык) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жогоруда аталган адамдар иш үстүнөн акча алып жаткан жеринен кармалышты.
Азыркы убакта ЭККМКнын тергөө башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Добавить комментарий ×