Ошто 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголду
Ошто 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголду. Издөө салабыз. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан дайынсыз жоголгон Салиева Муножат Абдукахаровна изделүүдө.
Ал 2020-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жашаган өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыздын жүргөн жерин аныктоо максатында кайрадан коомчулукка жардам сурат кайрылат.
Дайынсыз жоголгон Салиева Муножат, 2002-жылы туулган, бою 165-170 см., жоголгон күнү үстүндө кара-ак (полосалуу) түстөгү джемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийими болгон. Айрым жакындар бул кызды жоголгон күнү Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнөн көрүшкөндүктөрүн айтышкан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар болсо 03222-2-75-15,0702-17-09-17, 0551-05-42-75 телефондору аркылуу маалымат берип коюшуңуздарды суранат.
Сүрөттө: дайынсыз жоголгон Салиева М.А.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-18-zhashtagy-kyz-dajynsyz-zhogoldu
Добавить комментарий ×