Ошто 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголду

15 августа 2020 16:56 2122 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголду. Издөө салабыз. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан дайынсыз жоголгон Салиева Муножат Абдукахаровна изделүүдө. 

Ал 2020-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жашаган  өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыздын жүргөн жерин аныктоо максатында кайрадан коомчулукка жардам сурат кайрылат.

Дайынсыз жоголгон Салиева Муножат, 2002-жылы туулган, бою 165-170 см., жоголгон күнү үстүндө кара-ак (полосалуу) түстөгү джемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийими болгон.  Айрым жакындар бул кызды  жоголгон күнү Ош шаарынын  А.Масалиев кең көчөсүнөн көрүшкөндүктөрүн айтышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар болсо 03222-2-75-15,0702-17-09-17, 0551-05-42-75 телефондору аркылуу маалымат берип коюшуңуздарды суранат.

Сүрөттө: дайынсыз жоголгон Салиева М.А.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-18-zhashtagy-kyz-dajynsyz-zhogoldu



Добавить комментарий