Ошто 168 күндүзгү стационар ачылды (Сүрөт)

18 июль 2020 10:54 924 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунда 168 күндүзгү стационардык мекеме ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Күндүзгү стационарларда 5 650 керебет орундуктар бар. Ал жакка 394 медициналык кызматкер тартылды. Ачылгандан бери 965 адамга жардам көрсөтүлдү. Жалпысы болуп күндүзгү стационарларга 67 кычкылтек концентратору коюлду.

"Буга чейин облуста 105 ИВЛ аппараты, 267 кычкылтек концентратору болсо, акыркы айда 1 ИВЛ аппараты, 200 кычкылтек концентратору алынды. Жеке тараптардан Өзгөн районуна 1 тез жардам унаасы берилди", - деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/oshto-168-kndzg-stacionar-achyldy-srt



Добавить комментарий