Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолундагы кырсыктан эки адамдын өмүрү кыйылды

18 август 2018 20:30 1364 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолундагы кырсыкта эки кишинин өмүрү кыйылды. Мындан башка 4 киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой,   кырсык 17-августка караган түнү Ош-Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолундагы Нариман айылдык аймагында болгон. Анда Дэу Ланос үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып кетип, каршылаш келе жаткан Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Дэу Ланос унаасынын 24 жаштагы айдоочусу жана 24 жаштагы жүргүнчүсү кырсык болгон жерде каза болду. Ошондой эле 23, 24 жана 25-жаштагы жүргүнчүлөрү жана Хонда Аккорддун айдоочусу Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилди.  Учурда  териштирүү иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/oshsary-tasherkech-tam-unaa-zholundagy-kyrsyktan-eki-adamdyn-mr-kyjyldy



Добавить комментарий