Ошко Москвадан 211 кыргыз жараны учуп келди
Ошко Москвадан 211 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Бүгүн 8–июль күнү Кыргызстанга «S7 Airlines» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Россиядан 221 кыргыз жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар.
Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.
Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар, киргизилген.
Чет мамлекеттерде калып жаткан кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча мүмкүн болгон жолдорду издөө иши улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/oshko-moskvadan-kyrgyzstandyn-zharandary-uchup-keldi
Добавить комментарий ×