Ош шаарынын мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды

29 ноябрь 2022 10:48 1159 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.


Белгилүү болгондой тиешелүү жарлыкка бүгүн, 29-ноябрда президент Садыр Жапаров кол койгон.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Бакытбек Жеңишбекович Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды”, -деп айтылат маалыматта.




Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynyn-meri-bolup-bakytbek-zhetigenov-dajyndaldy



Добавить комментарий