Ош шаарында жардамга муктаждар кайда кайрылса болот? Телефон номерлер

27 апрель 2020 18:07 1786 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирустан улам Ош шаарындагы жардамга муктаж жарандар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр телефон аркылуу шартын түшүндүрүп, керектүү жардам ала алат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, төмөнкү байланыш номерлери бардык чалуулар менен кайрылууларды кабыл алат.

Ош шаарынын мэриясынын (03222) 5-53-84 жана 166 кыска номурлуу ишеним телефондору 24 саат иштейт.

Мындан тышкары кайрылуулар Ош шаарынын мэриясынын Фейсбук жана интаграмдагы расмий баракчалары жана

map.oshcity.kg (Онлайн карта города Ош) сайты аркылуу да кабыл алынууда.

Фейсбукта “Мэрия города Ош - официальная страница”, инстаграмда osh.meriya баракчаларына билдирүү калтырса болот.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын бир катар аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, бир катар аймактарда коменданттык саат киргизилген. Бул чектөөлөрдүн бардыгы 30-апрелде аягына чыгат. Бирок өзгөчө абал менен коменданттык саат дагы узартылабы ал тактала элек.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-zhardamga-muktazhdar-kajda-kajralsa-bolot-telefon-nomerler



Добавить комментарий