Новосибирскийден Ош шаарына 204 кыргызстандык кайтып келди

8 июнь 2020 09:32 967 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргызстанга Новосибирск – Ош аба каттамы менен «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын рейси менен Кыргыз Республикасынын 204 жараны кайтып келди. Жарандардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспоралары менен биргеликте Россиянын Сибирь, Узак чыгыш жана Түндүк региондорунда жашаган КР жарандарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, кайрылуулардын түшкөн кезеги боюнча түзүлгөн.

Ошондой эле, кайтып келгендердин арасында Алтай аймагында, Новосибирск, Омск, Кемерово жана Томск облустарындагы чет элдик административдик укук бузуучулар үчүн убактылуу кармоочу жайларында жаткан 16 жаран бар.

 Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга  белгиленген тартипте жайгаштырылды.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер уланууда.

Эскерте кетсек, авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaaryna-novosibirskiden-204-kyrgyzstandyk-kajtyp-keldi



Добавить комментарий