Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолду сел каптады
Алайда катуу жааган жамгырдан кийин сел суулары унаа өткөн жолду каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 28-июлда саат 15:30 чамасында Алай районунунда катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен жолдорду сел каптады. Кокту-колоттордон келген сел суулар Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 114-чакырымында көлөмү болжол менен 1500м3 кум шагыл түшүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Саат 22:00дө унаа жол бир тараптуу ачылган. Ошондой эле аталган унаа жолдун 44-чакырымында дагы кум-таш аралаш сел суулары түшкөн (көлөмү такталууда) унаа жол жабылган.
Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Бүгүн, 29-июлда тазалоо иштери улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-sary-tash-erkeshtam-unaa-zholun-sel-kaptady
Добавить комментарий ×