Ошто күчү 5 баллга жеткен жер силкинди

25 апрель 2020 09:26 2010 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-апрель күнү саат 06:55те Ош облусунда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпа-Тектир айылдарында, Кара-Суу районунун Чайчи айылында 5 балл, Алай районунун Кен-Жылга, Кара-Шоро, Боз-Караган, Таш-Короо, Жаңы-Турмуш айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө, Сары-Булак айылдарында 4 балл, Ош шаарында, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Мырзаке, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында жана Ноокат районунун Ноокат айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunun-ajmagynda-ochogunda-kch-5-ballga-zhetken-zher-titir-kattalgan



Добавить комментарий