Ош базарынын сатуучулары нааразычылык акциясына чыгышты

15 ноябрь 2019 15:45 2137 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 15-ноябрда Ош базарындагы «Берекет гранд» соода борборунун сатуучулары нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу митингдин катышуучулары кабарлады.

Сатуучулар электр жарыгын берилишин талап кылган. Акциянын жыйынтыгында 2-3 күндѳн кийин электр жарыгы берилери убадаланган.

Эске салсак, буга чейин Ош базарынын админстрациясы «Берекет» базарындагы электр жарыгын ѳчүрүп салган. Себебин сатуучулар жаңы курулган имаратка кѳчпѳй жатканы менен түшүндүрүшкѳн. Сатуучулар жаңы курулган имараттын ижарасы кымбат деп келишет.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-bazarynyn-satuuchulary-naarazychylyk-akciyasyna-chygyshty



Добавить комментарий