Илон Маск бир күндө 15 миллиард долларын жоготту
Соода маалыматтары жана Bloomberg агенттигинин Bloomberg Billionaires Index эсептеген маалымат боюнча, SpaceX жана Tesla компаниясынын башчысы Илон Маск Tesla акцияларынын төмөндөшүнөн улам бир күндө 15 миллиард доллар жоготту. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Агенттиктин маалыматы боюнча, Илон Масктын байлыгы 183 миллиард долларга чейин түшкөн.
Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостун байлыгы 3,73 миллиардга азайып, 186 миллиард долларды түздү. Ошентип, Безос дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде биринчи сапты ээлесе, Маск экинчи орунда турат.
Белгиленгендей, 22-февралда Tesla акциялары 8,55 пайызга түшүп, 714,5 долларды түзгөн. Amazon акциялары 2,13 пайызга төмөндөп, 3 180,74 долларды түздү.
Ссылка: https://barometr.kg/ilon-mask-bir-knd-15-milliard-dollaryn-zhogottu
Добавить комментарий ×