АКШнын бир нече штаттарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор массалык түрдө көчөлөргө чыгышты

5 ноябрь 2020 10:11 990 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын бир канча штаттарында америкалыктар массалык түрдө көчөгө чыгып, 3-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоодон кийин "ар бир добушту эсептөөнү" талап кылышты. Каршылык акциясынын видеосу RT Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрлардан көчөлөрдө жүздөгөн адамдар колдоруна плакаттарды кармап алып, жөө жүрүшкө чыгышканын көрүүгө болот. Алар добуштарды саноону талап кылып кыйкырып жатат.

Добуштарды саноо расмий түрдө аягына чыга элек. Учурда Байден 264 шайлоочунун добушуна ээ болсо, Трамп 214 добушка ээ. Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары чыга электигине карабастан, Трамп шайлоочуларын жеңиши менен куттуктады. Байдендин штабы да жеңишке жетээрине ишенгенин билдиришкен.

АКШда 3-ноябрда жалпы шайлоо күнү өттү. Жарандар президентти жана вице-президентти, ошондой эле 35 сенаторду, өкүлдөр үйүн, 13 губернаторду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүн шайлашты. Барак Обаманын тушунда вице-президент болуп иштеген, учурдагы мамлекет башчысы, республикачы Дональд Трамп жана демократ Жо Байден президенттик кызмат  үчүн күрөшүп жатышат.




Ссылка: https://barometr.kg/akshnyn-bir-neche-shtattarynda-shajloonun-zhyjyntygyna-naarazy-bolgondor-massalyk-trd-kchlrg-chygyshty



Добавить комментарий