Ош базары жакында дезинфекциялоого жабылат

12 июнь 2020 09:59 1078 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ош" базары дезинфекцияга жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, азырынча базар качан канча күнгө жабыла тургандыгы тактала элек.

"Ош" базарында дүйшөмбү күн ансыз деле санитардык күн экен. Бул базар чоң болгондуктан, анын баарын дезинфекция кылууга бир күн жетпейт. Биз дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин деп пландап жатабыз. Анткени базардан вирус чыккан", — деди вице-мэр.

Базар жабылганга чейин соодагерлерге алдын ала эскертүү берилерген.

Буга чейин аталган базарда коронавирустун очогу аныкталгандан улам, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору дезинфекциялоо боюнча тиешелүү кагаздарды жазып берген. Учурда качан жана канча мөөнөткө жабылаары каралууда.



Ссылка: https://barometr.kg/osh-bazary-zhakynda-dezinfekciyaloogo-zhabylat



Добавить комментарий