Орусиялык көзү ачык Светлана Драган: "2021-жылы адамзатты жаратылыштын каарданган апааты күтүп турат"

23 декабрь 2020 15:35 1543 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Орусиянын белгилүү астрологу Светлана Драгандын алдын ала айткан божомолдору туура жана дал келип, көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда. Бул ирет көзү ачык келе жаткан 2021-жыл кандай орчундуу окуялар менен коштолорун айтып берди. Бул тууралуу Rsute.ru сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Баромет” билдирет.

Популярдуу астрологдун айтымында, келе  жаткан жылы адамдар дүйнөлүк экономикада, дүйнө таанымында жана акчага болгон мамилесинде чоң өзгөрүүлөргө туш болушат. Азыртан эле, көптөгөн адамдар накталай акча менен аз байланышууга аракет кылып, пластикалык карталарды артык көрүшүүдө. Жыл сайын онлайн сатып алууларды туура көргөн адамдардын саны көбөйүүдө. Башкача айтканда, интернетте иштеп, төлөмдөрдү жана сатып алууларды жүргүзүү мындан да активдүү болот.

2021-жылы дүйнө жүзү боюнча өтө турган көптөгөн реформалар, айрыкча Батыш өлкөлөрүнө жакпай калышы мүмкүн. Россия бүткүл дүйнө үчүн коркунучтуу күчкө айланган олуттуу кызматташтыкты түзгөн дүйнөдөгү эң күчтүү державалардын бири менен биримдикке кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле, ал экология маселесин бир топ татаал жана маанилүү деп белгиледи. Анын айтымында, эгерде адамдар жаратылышка болгон азыркы мамилесин өзгөртпөсө, анда жакын арада алар өз иш-аракеттеринин кесепеттеринен жабыр тартып калышат.

“Жаратылыш – бул тирүү организм. Ал өзүнүн катаалдыгын көрсөткөндө жер титирөө, суу ташкыны, жанар тоонун атылышы жана башка кырсыктар боло баштайт. Жаратылыш өзүнүн апаатын көрсөтүп, көптөгөн жоготууларга алып келет”, - деди ал.

  Астрологдун айтымында, бардык согуштар, пандемиялар жана адамдардын оорулары – бул адамдардын пейлинин өзгөрүшүнөн улам болуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiyalyk-belgil-kz-achyk-svetlana-dragan-2021-zhylda-bolo-turgan-uruntuu-okuyalardan-ajtyp-berdi



Добавить комментарий