Челябинскте каза болгондор Ош облусунда туулган
22-январында Россиянын Челябинск облусунун «Троицк» чек ара ѳтмѳ пунктуна жакын жерде жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык үч жарандын сѳѳгү туугандары тарабынан тастыкталды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маркумдар Кыргызстандын жарандары экендиги, үчѳѳ тең Ош облусунда туулгандыгы, окуяга чейин Челябинск шаарында жашап жана иштеп келишкендиги аныкталды.
Үстүбүздѳгү жылдын 24-январында Троицк шаарындагы агенттик аркылуу «Жүк-200» жѳнѳтүү боюнча иштер соңуна чыгып, Россиянын тиешелүү мамлекеттик кызматтары тарабынан коштомо документтер даярдалды.
Маркумдардын туугандары, Челябинск шаарындагы мекендештердин жана диаспора уюмунун жардамы менен Екатеринбург шаарынан жѳнѳѳчү жакынкы аба каттамы менен Кыргызстанга «Жүк-200» жѳнѳтүү пландаштырылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/orusiyadan-zhol-kyrsygynan-kaza-bolgon-kyrgyzdardy-alyp-kel-plandashtyryldy
Добавить комментарий ×