Россиянын Челябинск облусундагы жол кырсыктан кыргызстандын үч жараны каза болду
22-январда кечинде Россиянын Челябинск облусунун "Троицк" көзөмөл өткөрүү пунктуна жакын жерде жол кырсыгы болуп, беш киши каза болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылган Honda үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеде чиркегич менен келе жаткан КамАЗ менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча жеңил автоунаа жүргүнчүлөрү менен Челябинскиден чыгып, Троицк шаарына сапар алган.
Башкы конкулдук Челябинск облусунун укук коргоо органдары менен байланышып, каза болгондор тууралуу алдын ала маалыматтарды алган. Ага ылайык, каза болгондордун аты-жөнү такталган. Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча жол кырсыктан беш киши каза болсо, алардын үчөө Кыргызстандын жарандары болгон. Маркумдардын сөөгү Триоцк шаардык ооруканасына алынып келген.
Башкы консулдук Россиянын ИИМи менен тыгыз байланышып, окуянын чоо-жайы боюнча маалыматтарды алып турат. Андан сырктары Челябинскидеги "Мекендештер" диаспорасынын активдери менен байланышта. Диаспоранын өкүлдөрү маркумдардын жакындары менен кабарлашып, сөөктү Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттерди көрүп жатат.
Добавить комментарий ×