Орусияда “Мистер сидр” суусундугуна ууланып 32 адам каза болду

7 июнь 2023 17:14 619 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Орусияда “Мистер сидр” суусундугуна ууланып 30дан ашык адам каза болду. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Казакстан "Мистер сидр" суусундугун сатууга тыюу салды.

Казакстанда жагдайлар такталганга чейин жогоруда аталган продукцияны колдонууну токтотууга жана мындай продукцияны сатууда табылган бардык фактылар жөнүндө комитетке же объект жайгашкан жердеги анын аймактык бөлүмдөрүнө токтоосуз билдирүүгө чакырат.
 

Белгилей кетсек, Орусияда “Мистер сидр” суусундугуна ууланып каза болгондордун саны 32ге жетти. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында 90го жакын адам ичимдиктен жабыркаган, анын ичинде төрт бала жана кош бойлуу аял да бар. Ооруканага жаткырылган төртөөнүн абалы азыр оор. 

 «Мистер Сидрди» Самарадагы «Анди» фирмасы чыгарган. Ал буга чейин укук коргоо органдары тарабынан кармалган ишкер Анар Гусейновго таандык. Ага карата кылмыш иши козголгон.   
 
 

Ал эми, Кыргызстанда жогорудагы аталган суусундукту сатууга тыюу салынганбы деген суроо менен     Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетине кайрылып жооп ала алган жокбуз. 


Ссылка: https://barometr.kg/orusiyada-mister-sidr-suusunduguna-uulanyp-32-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий