Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2020-жылы 105 млн. долларды ишкерликке жумшоону пландап жатат
Бөлүшүү:
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду быйыл ишкерликти колдоо үчүн каржы көлөмүн 105 миллион долларга жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу фондунун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.
Ал өз сөзүндө каражаттын 15 миллион доллары "РСК Банкка" чакан бизнести колдоо үчүн көп жылдык насыя катары бөлүнөт.
Асрандиев андан сырктары 2019-жылы жакшы жыйынтыктар болгонун белгиледи. Тактап айтканда фонду негизделгенден бери берилген насыянын көлөмү 379 миллион долларга жетти. Анын үчтөн эки бөлүгү артыкчылык берилген агроөнөржай комплексине, өнөр жай менен туризм тармагына жумшалган.
Ал ошондой эле, 2019-жылы Баткен, Талас жана Нарын облустарында долбоорлорду стартап-каржылоо киргизилгенин кошумчалады.
Добавить комментарий ×