Орунтаев: Мындан ары көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде гана болушу керек

31 октябрь 2023 15:51 1334 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте кыргыз тилинде жазылбаган көрнөк-жарнактар алынып жатат. Бул тууралуу вице-мэр Нурдан Орунтаевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Манас проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждалууда.

“Кудай берген кыргыз тилинде жана өзүбүздүн кириллица тамгасы менен жазып койсо болбойбу?! Жакшынакай кылып ,,Белладжо,, деп. Албетте, өзүбүздүн тилибизди жана тамгаларыбызды сыйлайлы! Бренд кылгыбыз келсе ,,Кыргызпатент,, деген бар, ошол жака барып патентин алып, тийиштүү иш кагаздарын алып иштеш керек туугандар!”, -деп жазды Орунтаев.

Жеринде башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

“Иштин жүрүшүндө өз билемдик менен орнотулган жана тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары, ошондой эле мыйзамсыз орнотулган шлагбаум жана башка жарнак объектилери демонтаждалды”, -деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бишкек мэриясы тургундарга жана меймандарга кайрылуу жасап, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин баалап, муниципалдык мүлккө аяр мамиле жасоону суранды.


Ссылка: https://barometr.kg/oruntaev-myndan-ary-shaardagy-krnk-zharnaktar-kyrgyz-tilinde-gana-bolushu-kerek



Добавить комментарий