Орозо качан башталары Аалымдар кеңишинин онлайн жыйынынан кийин белгилүү болот
Бөлүшүү:
Кыргызстандын Аалымдар кеңеши онлайн жыйын куруп, Орозо качан баштала турганы боюнча чечим кабыл алышат. Бул тууралуу “Барометр” маалымат агенттигине КР Мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Ага ылайык, Аалымдар кеңеши жакынкы 2-3 күндүн ичинде жыйынга чогулат. Ошондой эле, бул жыйында быйыл битир-садаганын көлөмү жана аны өзгөчө абал учурунда кантип чогултуунун жол-жобосу дагы каралат.
“Орозого байланышкан бардык маселелер дал ушул жыйында чечилет”, — деп маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бир катар мамлекеттерде Орозо 24-апрелде башталары айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/orozo-kachan-bashtalary-aalymdar-keishinin-onlajn-zhyjynynan-kijin-belgil-bolot
Добавить комментарий ×